Кыргызстандык балбан Элдияр Бегалиев Казакстандын президентинин кубогу үчүн өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда казакстандык маалымат булактары билдирет.
Маалыматка ылайык, Элдияр Бегалиев 55 килограмм салмакта биринчи беттешинде жердеши Калыбек Жолчубековго утулган. Калыбек Жолчубековдун финалга чыгуусу менен Элдияр 3-орун үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
3-орун үчүн беттеште ал казакстандык Жансерик Сарсенбиев менен кез келип, 11:0 эсебинде утуп алды.
Мелдеште 55 килограмм салмакта кыргызстандыктардан Өскөнбай Абдупатаев 7-орунду ээледи. 84 килограмм салмакта Азиз Бейшебеков 8-орунду камсыздаса, 66 килограмм салмакта “Бээжин-2008” Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев 12-орунду ээледи.