Биз социалдык тармакта

"Чек талап кылып, байге утуп ал!". Салык кызматы 1-июлда негизги байгелерди ойнотот

1-июлда Мамлекеттик салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Белгиленгендей, негизги иш-чара "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүп, анда 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, катышуучулар үчүн атайын кошумча 15 смартфон да ойнотулат.

Саамалык саат 19:00дө башталат. 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан