Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемиондугуна даярдык көрүүдө

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемиондугуна даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматта курама команда Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатканы кабарланды.

Окуу-машыгуу жыйыны 22-июнда башталган, 14-июлга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси

  • Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм);
  • Айпери Медет кызы (76 килограмм);
  • Мээрим Жуманазарова (68 килограмм);
  • Дилназ Сазанова, Жаркынай Нурлан кызы (65 килограмм);
  • Нурзат Нуртаева, Кайыргүль Шаршебаева (72 килограмм);
  • Айдай Нуридинова, Айтолкун Медет кызы, Таңчолпон Кыбалбекова, Акылай Чыныбаева, Азиза Келдибекова, Бермет Нурдин кызы, Калмира Билимбекова (57 килограмм);
  • Гүлнур Таштанбекова, Элина Бакытова (69 килограмм);
  • Арууке Кайыкбекова Албина Салымбекова (55 килограмм);
  • Аяна Асаналиева (59 килограмм);
  • Азема Калидинова (48 килограмм);
  • Асема Төрөгелдиева (50 килограмм);
  • Айжаркын Жаныбекова (53 килограмм);
  • Рысбек Максүтов спаринг-өнөктөш;
  • Икром Максат уулу спаринг-өнөктөш;
  • Байгазы Кенжебаев улук машыктыруучу;
  • Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан