Казакстанда өтүп жаткан өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы Эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкер Ыктияр Шабданбеков жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын жаштар курама командасынын машыктыруучусу Мирлан Жээнбаев билдирет.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Менгерей Хайрутдиновдун жаркын элесине арналган мелдеште кыргызстандык мушкер 64 килограмм салмак категориясында 3 беттеште жеңүүчү аталып, финалга чыкты.
Эске салсак, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Орусия, Куба, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын 130дан ашуун мушкерлери катышууда.