Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Орусияда Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Дүйнө чемпиондугуна жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Эльбурск районунда (Орусия) биргелешкен Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Окуу-машыгуу жыйыны 29-июнь күнү башталган жана 15-июлга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси:
- 60 килограмм Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев,
- 63 килограмм Тынар Шаршенбеков;
- 67 килограмм Раззак Бейшекеев, Амантур Исмаилов;
- 77 килограмм Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
- 87 килограмм Атай Азизбеков, Азат Салидинов;
- 97 килограмм Үзүр Жузупбеков, Нурмамбет Райымалы уулу;
- 130 килограмм Ким Роман;
- Улук машыктыруучу - Улукбек Карачолоков;
- Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык өткөрүлүп жатат.