Пара дзюдо боюнча улуттук курама Эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

Пара дзюдо боюнча улуттук курама команда Эл аралык рейтингдик мелдеште 4 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Маалыматка ылайык, пара дзюдо боюнча курама команда Финляндиянын Лахти шаарында өтүп жаткан Эл аралык рейтингдик мелдеште 1 күмүш, 3 коло медаль жеңди.

"60 килограмм салмакта катышкан Темирлан Абдыкеримов күмүш медалга ээ болду. +70 килограмм салмакта Сезим Артыкбекова, 48 килограмм салмак категориясында Регина Саламатова жана 90 килограмм салмак ченинде Сүймөнкул Молдобеков коло медалга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мелдеш 1-июль күнү башталган жана 7-июлга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан