Эрмек Сариев жана Азамат Бектурсунов дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынышты

Жаштар арасындагы дзюдо курама командасынын мүчөлөрү Эрмек Сариев менен Азамат Бектурсунов дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда Кытайдын Хайнань шаарында старт алган Азия биринчилигинде 73 килограмм салмакта Эрмек Сариев, ал эми  81 килограмм салмакта Азамат Бектурсунов финалга чейин жетишкен. Жыйынтыгында финалдык беттештерин уттуруп жиберген кыргызстандык дзюдочулар күмүш медаль тагынышты.

Ал эми кыздар арасында 40 килограмм салмакта кыргызстандык Күмүшай Соскеева 3-орунду ээлеп, коло медалга арзыды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан