УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы рекорддор четинен жаңыланууда.
Быйылкы сезондо аталган лиганын тарыхында эң көп оюн өткөргөн оюнчу үстүбүздөгү жылдагы сезондо жаңыланды. Буга чейин УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тарыхында эң көп гол киргизген оюнчу катары Рауль Гонсалес тизмени жетектеп келсе, быйыл англиялык “Манчестер Юнайтеддин” жарым коргоочусу Райан Гиггз анын рекордунан ашып түштү. Гиггздин эсебинде 149 оюн бар.
Ал эми эң көп гол киргизген футболчулардын тизмесинде дагы да болсо “Реалдын” экс-чабуулчусу Раулдун ысымы жазылууда. Бул жаатта аргентиналык Лионель Месси менен португалиялык Криштиану Роналду алдынкы үчтүккө киришти.