Футзал боюнча улуттук курама CAFA мелдешине даярдык көрө баштайт

Бишкекте футзал боюнча Кыргызстандын Улуттук курамасы биринчи жолу өтө турган CAFA Futsal Cup-2023 мелдешине даярдыктын алкагында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгуулар 9-июлда башталып, 21-июлга чейин уланат.

Белгилей кетсек, CAFA Futsal Cup-2023 мелдеши Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында 23-30-июль күндөрү өтөт. Аталган турнирде биздин курама Иран, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан командалары менен оюнда кез келет.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев жыйынга 16 талаа оюнчусун жана 4 дарбазачыны чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан