Чүй облусунун Сокулук районунда каржы пирамидасы аркылуу алдамчылык менен алектенгенге шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматы боюнча, июнь айында милицияга Күн-Туу айылынын тургуну А.Ж. арыз менен кайрылып, “А” аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Анда ал WhatsApp'та бир нече тайпаларды түзүп, алдамчылык жолу менен 187 миң сомун ээлеп алган.
"Учурда тергөө кызматына аталган жаранга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыздар түшүп, алдап алынган акча каражаты 10 миллион сомдон ашык экени такталды.
Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында "А" Бишкек шаарынын тургуну, 1985-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталган. Ал кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Сокулук райондук сотунун чечими менен Ж.А.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.