"Көзүнө калемпир чачып..." Бишкекте көчөдөн киши карактоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-июнда Ленин РИИБине Ж. Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең мененки саат 09:00 чамасында Профсоюзная көчөсүндө өтүп бараткан белгисиз адамдардын бири бетине калемпир чачып, 1 миллион сом акча каражаты менен колундагы жүгүн тартып алууга аракет кылганын, бирок ою ишке ашпай качып кетишкенин айтып, аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерин аныктоого жана кармоого багытталган бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан