Бишкекте алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын Ачык биринчилиги аяктады

Кечээ, 11-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алыш күрөшү боюнча белгилүү балбан Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган Кыргызстандын Ачык биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринен чогулган 250 спортчу 6 салмак категориясы боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында алтын медалдын баарын кыргыз спортчулары тагынышты.

Байге ээлери Төлөш уулу Бектурсун (60 килограмм салмакта), Аманов Санжарбек (70 кг), Табалдиев Руслан (80 кг), Манапбаев Урмат (90 кг), Барпыбеков Канимет (100 кг) жана Аканов Чыңгыз (100 килограммдан жогорку салмакта) болушту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан