Кыргыз дзюдочулары Венгрияда эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын дзюдочулары Венгрияда өтүүчү "Мастерс" эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара 4-6-августта Будапешт шаарында өтөт. Турнирге дүйнө жүзү боюнча 36 гана спортчу катышууга мүмкүнчүлүк алган.

"Бул турнир эң беделдүү мелдештердин бири. Ага эң күчтүү 36 дзюдочу гана катыша алат. Ал эми биздин спортчулар бул престиждүү санга киргенине сыймыктанабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандын атынан 66 килограмм салмак менен Айбек уулу Кубычбек, 81 килограмм салмакта Асад Масабиров жана 90 килограмм салмак ченинде Эрлан Шеров катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан