Жиу-житсу боюнча кыргызстандык спортчулар Абу-Даби шаарында өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына машыктыруучу Нурбек Алимбеков билдирди.
Жиу-житсу боюнча Эл аралык турнир 7-9-июль күндөрү Абу-Даби шаарында өткөн. Анда кыргызстандык спортчулар Марлис Иманкулов 1-орун, Азат Иманкулов жана Айбек Жолдошбек уулу 2-орун, Жеңишбек Мамбетов 3-орунга ээ болушкан.
"Спортчуларыбыз өлкө намысын татыктуу түрдө коргой алышты", - деди Нурбек Алимбеков.