Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Жаныш Рустенбеков каза болду

Бүгүн, 11-июлда мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустенбеков узакка созулган оорудан улам 74 жашында каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Өмүр баяны

Жаныш Рустенбеков 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрьское айылында туулган.

Ал 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта жүргөн. 1990-1994-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин (1993-ж. баштап Жогорку Кеңеш) 12-чакырылышынын («Легендарлуу парламент») депутаты;

1993-1994-жылдары Мамлекеттик катчы, Президенттин администрациясынын жетекчиси, ал эми 1994-1995-жылдары Президенттин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган;

1995-1996-жылдары Ош облусунун губернатору болуп иштеген;

1996-2000-жылдары Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген;

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетинин төрагасы;

2005-2007-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган;

2007-2022-жылдары Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жаныш Рустенбековдун каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан