Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын президентинин Кубогу үчүн уюшулган Эл аралык мелдештин финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештин 2-күнү (мелдеш 11-декабрда башталган) 60, 74 жана 96 килограмм салмактары боюнча медалдар ойнотулууда.
60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан, “Лондон-2012” Олимпиадасынын катышуучусу Арсен Эралиев 3 беттеште жеңүүчү аталып, финалга чыкты. Анын финалдагы атаандашы беларустук Сослан Даудов болмокчу.