Кыргызстандык футболчу Эрбол Атабаев Орусиянын "Динамо Махачкала" клубунан кетти. Бул тууралуу аталган команда расмий баракчасына жарыялады.
"21 жаштагы кыргызстандык жарым коргоочу Эрбол Атабаев менен биздин клуб кызматташтыгын токтотту. Эки тараптын макулдугу менен келишимди 2022-2023-жылкы сезондон кийин дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок футболчу карьерасын башка клубда улантууну каалады. Эрболго "Динамодо" көрсөткөн оюндары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алдыдагы карьерасына ийгиликтерди каалайбыз", - деп жазды клуб.
Эрбол Атабаев "Динамо" клубунда 2022-жылдын март айынан бери оюн көрсөтүп келген. Аталган команданын катарында жалпы 40 беттеш өткөрүп, 1 гол киргизген. "Динамо" менен ал Орусиянын Экинчи лигасын жеңип, Биринчи лигасына өтүүгө жетишкен.
Белгилей кетсек, Эрбол Атабаев 2012-жылы дүйнөгө белгилүү "Барселона" клубунун академиясына кабыл алынган алгачкы кыргызстандык футболчу. Ал аталган академияда окуусун аяктагандан кийин 2021-жылга чейин Испаниянын түрдүү клубдарында футболдук билимин жогорулаткан. 2022-жылы Кыргызстанга келип, "Абдыш-Атанын" катарына кошулган. Ал эми 2022-жылы 8-июнда Сингапурга каршы оюнда Улуттук курама команда үчүн алгачкы беттешин өткөргөн.