Биз социалдык тармакта

"Кооздукка суктанып...". Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев Арстанбапка барды (видео)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы Арстанбап токоюнда жаратылыштын сулуулугуна суктанып жаткандагы видео тарады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы белгилегендей, Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Базар-Коргон районундагы "Ак илбирс" ден соолукту чыңдоо жана балдардын эс алуучу борборунун салтанаттуу ачылышына катышкан.

Аталган комплекс 120 орундуу жатакана, китепкана, 100 көрүүчүнү батырган кинотеатр, машыгуу залдары, кичи футбол аянтчасы, 2 бассейн жана тамактануучу жайдан турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы иш-чаранын катышуучуларын эс алуу борбордун ачылышы менен куттуктап, аталган комплекс райондун эле эмес облаустун да көркүн чыгара турган жайлардын бири боло турганын билдирди.

Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаров Арстанбапта
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaynak
2023-07-13 23:25:00
Биз силерге качан суктанабыз э тириктер, суктана тургандай кылып иштегилечи. Жаман эмес, бирок мындан да жакшыраак иштегиле.
0
NURSAPAR
2023-07-14 00:05:00
Кыргыз жери сопсонун. Алга Кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан