Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков финалга чыкты.
Рейтингдик мелдешке Алмаз Сманбеков 57 килограмм салмакта катышып жатат. Ал алгачкы жүрүшүндө германиялык Никлас Штехлени 2:0, кийинкисинде түштүк кореялык Сун Вон Кимди утуп жарым финалга чыга алды.
Жарым финалда кыргыз балбаны америкалык Зейн Ричардс менен кез келип, аны 2:2 эсебинде жеңди.
Муну менен Алмаз Сманбеков рейтингдик мелдештин финалына чыга алды.