Биз социалдык тармакта

Эл аралык мелдештен байгелүү кайткан жаш куткаруучуларга сыйлыктар тапшырылды (фото)

Азербайжанда өткөн “Жаш куткаруучулардын” эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атын татыктуу коргоп келген куткаруучуларга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш куткаруучуларга ӨКМнын Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн медалдары, ал эми машыктыруучуларга I, II даражадагы Мыкты аскердик кызматы үчүн медалдары тапшырылды.

Министр Бообек Ажикеев жаш куткаруучулардын эмгеги жана жеңиши үчүн ыраазычылык билдирип, балдардын аракетин жогору бааларын, кыргыз эли алар менен ар дайым сыймыктанарын билдирди. Ошондой эле, мындан ары да даярдыкты күчөтүүгө болгон аракетти жумшоо керектигин, министрлик муну бардык тараптан колдой турганын белгиледи. Мындан тышкары, куткаруучулардын ата-энелерине да балдарынын элдик уул болушуна жол көрсөтүп, үлгү болгону үчүн рахматын айтты.

Эске салсак, "Жаш куткаруучулар" мелдеши 23-июндан 3-июлга чейин Азербайжандын Габала шаарында өткөн. Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Пакистан жана Казакстан мамлекеттери катышкан турнирде кыргызстандык команда 2-орунду багындырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан