Ысык-Көл облусунун Бостери айылында эки эс алуучу парашют менен учуп бара жатып чоң айланма аттракционго (Колесо Обозрения) асылып калды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Окуя кечээ, 14-июлда саат 19:30дар чамасында болгон. Парашют моторлуу кайыкка илинген. Анда болжол менен моторлуу кайыкта отурган адам рулду башкара албай калып, парашюттагылар айланма аттракционго илинип калган.
Парашютта бир эркек адам жана бала болгон. Аларды куткаруучулар түшүрүштү. Алардын ден соолугуна эч кандай коркунуч жаралган эмес.