Криштиану Роналду тапкан кирешеси үчүн "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунун жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, футболчу рекорддор китебине тапкан кирешеси менен кирген. Тагыраагы, 2023-жылдын 1-майына чейинки 12 ай ичинде спортчунун байлыгы "Forbes" журналы боюнча 136 миллион долларды түзгөн. Оюнчу алардын 46 миллионун түздөн-түз талаада, ал эми 90 миллионун жарнамалык келишимдер, демөөрчүлүк келишимдери жана бизнес үчүн тапкан.

Аргентиналык футболчу Лионель Месси 130 миллион долларга жакын кирешеси менен экинчи орунга жайгашты. Үчүнчү орунда 120 миллион доллар менен франциялык Килиан Мбаппе турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан