Кыргызстандык балбандар Иорданиядагы Азия чемпиондугунда 4 медаль жеңди

Эркин күрөш (U-15) боюнча курама команда Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 1 алтын, 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 41 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан Садырбек Кайыпбеков алтын байгени багындырды.

Ал эми 38 килограммга чейинки салмакта Калыбек Бактыбеков, 44 килограммга чейинки салмак категориясында Жакшылык Боробаев жана 57 килограммга чейинки салмакта Талгарбек Ашымов коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, 12-июлда башталган Азия биринчилиги 20-июлда жыйынтыкталат. Курама команда машыктыруучу Азат Мирахимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан