U-20: Грек-рим күрөшү боюнча спортчулар Азия чемпиондугунда 8 медаль жеңди

Грек-рим күрөшү (U-20) боюнча курама команда Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 8 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

60 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан Акыл Сулайманов, 77 килограммга чейинки салмакта Алибек Бердиев жана 82 килограммга чейинки салмак ченинде Ырысбек Калиев күмүш медалга ээ болушту.

55 килограммга чейинки салмакта Азамат Камилжан уулу, 63 килограммга чейинки салмак категориясында Баяман Каримов, 72 килограммга чейинки салмакта Абдулазиз Аскарбеков, 87 килограммга чейинки салмак категориясында Жеңиш Жумабеков жана 130 килограммга чейинки салмакта Исамил Гасанов коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан