Кыргызстандык балбан Арсен Эралиев Казакстандын президентинин Кубогун утуп алды

Бүгүн, 12-декабрда балбан Арсен Эралиев грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын президентинин Кубогу үчүн уюшулган Эл аралык мелдештин алтын медалын утуп алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Арсен Эралиев финалда беларустук Сослан Даудов менен беттешип, жеңип алды (3:1 эсебинде).

Айта кетсек, бул алтын аталган мелдеште Кыргызстандын эсебине жазылган 2-алтын медаль. Арсенге чейин алтын медалды 55 килограмм салмакта кыргызстандык Калыбек Жолчубеков да уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nuris..
2013-12-12 16:43:38
Азамсын! КЫРГЫЗДЫН желегин желбиретебер.
0
aidai88
2013-12-12 16:44:52
Азаматсын ийгилик!
0
MEDER_KULETOV
2013-12-12 16:51:11
азаматсын иним
0
Begim_4
2013-12-12 18:39:55
Бали Кыршыздын билеги кучтуу балбандары Алга Кыргызстан
0
kakebrat
2013-12-12 18:45:38
балбандарга рахмат
0
mirbakg
2013-12-12 20:05:30
Азаматсын!! Ардайым ийгилик коштоп журсун!
0
kyrgystan17
2013-12-13 10:46:06
allahym koldosun kyrgyz jigitterin
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан