Биз социалдык тармакта

Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды

Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында гемодиализ аппараттары сатып алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары жалпы суммасы 16 миллион 552 миң 250 сомго сатылып алынды.

"Учурда Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүлүп берилет", - деп билдирет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2023-07-20 13:46:00
Качан бир АлыНЫП келинди,сатыЛЫп алынды деп туура жаза баштайсынар,5-6 жылдан бери ушу создордун туура жазылышын какшап айтып келгенимли койбодум,бул сабатсыздыгын койбоду))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан