Мюнхендик "Бавария" клубу быйылкы сезондогу алгачкы беттешин Германиянын 9-дивизионунда ойногон "Роттах-Эгерн" футболдук клубуна каршы өткөрдү.
Мюнхендик клуб атаандашына жоопсуз 27 гол киргизди. Анын 18 голу беттештин биринчи бөлүгүндө эле жаралса, экинчи бөлүктө мюнхендиктер дагы 9 гол киргизди.
Беттештеги пента-трикти (5 гол) Матис Тель, Марсель Забитцер, Жамал Мусиала жана хет-трикти Серж Гнабри жасады.
Ошондой эле Лерой Сане, Дайо Упамекано, Нуссаир Мазрауи, Конрад Лаймер жана Альфонсо Дэвис, Рафаэль Геррейро, Райан Гравенберх, Кингсли Коман жана Садио Мане бирден гол киргизишти.
"Бавария" клубу кийинки оюнун 26-июлда Чемпиондор Лигасынын учурдагы чемпиону "Манчестер Ситиге" каршы өткөрөт.