Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында спирт ичимдиктерин чыгаруучу жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү иштери Чүй облусунда, Бишкекте, анын ичинде "Ош базарындагы" “Берекет универсал” соода түйүндөрүндө жүргүзүлүп, ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер (арак, коньяк, виски жана текила) табылган.
"Ошондой эле 350 литр этил спирти, 2000ден ашык жасалма акциздик маркалар, этикеткалар, контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу машиналар, спиртти өндүрүү үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр жана башка компоненттер табылган" деп жазылат маалыматта.