11-декабрда Италиянын Трентино шаарында старт алган Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстан курама командасы аттанган жок. Бул тууралуу КРнын сноубординг федерациясынан билдиришти.
Анын айтымында, учурда кыргызстандык спортчулардын көбү “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу Дүйнө кубогуна катышып жатышат.
26-ирет өтүп жаткан Кышкы Универсиада оюндары 11-декабрда башталып, 21-декабрда жыйынтыкталат. Анда 160тан ашуун мамлекеттин спортчулары арасында 80 комплект медаль ойнотулууда.