"41 секундда нокаут". ММА мушкери Акбар Абдуллаев менен маек

15-июлда Бангкокто өткөн ММА мушташында 41 секундда атаандашын нокаут кулатып, 50 миң долларлык бонуска ээ болуп, кыргыз элин кубандырган мушкер Акбар Абдуллаев менен маектештик. Социалдык тармактарда тараган видеого көпчүлүгү кыргыздын желегин желбиретип, атын таанытып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирип жазышкан.

- ИНТЕРНЕТ АЙДЫҢЫНДА СИЗ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ЖОККО ЭСЕ ЭКЕН. ӨЗҮҢҮЗ ТУУРАЛУУ КЕНЕНИРЭЭК АЙТЫП БЕРСЕҢИЗ?

- Мен Оштун Кара-Суу районунун Мады айылында 1997-жылы төрөлгөм. 1999-жылы 2 жашымда ата-энем менен Орусияга эмгектенүү үчүн мигрант болуп кеткенбиз. 1999-жылдан баштап, 2013-жылга чейин Орусияда чоңойгом. 2013-жылы 9-классымда Кыргызстанга келгенбиз. Ал учурда колледжге тапшыргам. Бирок жашоодо ар кандай учурлар болот экен да. 2015-жылы жумушсуздуктун айынан кайрадан апам экөөбүз Орусияга кеткенбиз. Учурда Оштун Мады айылында жашайм.

- СПОРТКО БОЛГОН КЫЗЫГУУҢУЗ КАНЧА ЖАШЫҢЫЗДА ПАЙДА БОЛДУ?

- Менин спортко болгон кызыгуум 10 жашымда пайда болду. 22 жашыма чейин тай боксу, кикбокс менен машыккам. Ал эми ММА'ге 22 жашымда келгем. Үй-бүлөмдө акча каражатынан бир аз кыйынчылыктар болгондуктан кикбоксту таштап, ММА'ге өтүүгө туура келген. Кикбокс боюнча тренерим менен акча каражат жагынан келишпей калганбыз. Спортто жүргөнүмө жалпы 15 жыл болду.

- ЖАЛПЫ КАНЧА ЖОЛУ БЕТТЕШКЕ ЧЫКТЫҢЫЗ?

- Мен профессионалдуу кикбокс боюнча 4 жолу беттешке чыккам. Ал эми ММА боюнча 10 бой өткөрдүм. Бүгүнкү күндө бардык беттештеримде ийгилик жаратып келе жатам. Жалпы себим 14:0. Ал эми майда спорттук беттештерим 100дөн ашуун. Ал жакта жүргөндө 80 беттештин ичинен 20сында жеңилгем. Мен беттешке чыккан атаандаштардын баары кыйын болчу. Бирок менин дубаларым кабыл болуптур, карьерамда бир да жолу жеңилүү боло элек. Жашоодо жеңилүү да, жеңүү да болот. Бирок мен аягына чейин ушул калыпта алып кетким келет. Ошого бар күчүмдү жумшап аракет кылып келе жатам.

- БААРЫН КЫЗЫКТЫРГАН 50 МИҢ ДОЛЛАР ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРСЕҢИЗ?

- Бул акча негизи бонус катары берилет. Бул менин биринчи бонусум эмес. Мен буга чейин үч жолу бонус алгам. Эң алгач ММА уюму менен келишим түзүп, Сингапурда беттешке чыкканда атаандашымды 41 секунд ичинде кулаткам. Ошол үчүн 50 миң доллар берилген. Өзүңүздөр социалдык тармактарда көргөн 15-июлда Бангкокто өткөн беттеште да атаандашымды 41 секундда кулатканым үчүн 50 доллар беришти. Бонус баарына эле бериле бербейт. Ал "эң жакшы техника" же "эң жакшы нокаутка" берилет. Айта кетсем мен буга чейин Орусияда RCCBP организациясында чыгып жүргөндө эки жолу 50 миң рублдан бонус алгам.

Маалымат үчүн: мушкер ONE FC, RCCBP, FMR Fighting Championship сыяктуу промоушндардын турнирлерине катышкан. Ал Александр Трескин, Асадулла Рустамов, Курбон Аминов сыяктуу күчтүү атаандаштары менен беттешкен.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан