"Семёнов Тянь-Шанский" чокусуна кеткен турист 6 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июлда 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы "Семёнов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришти.
Алар кечки саат 21:20 чамаларында Ала-Арча капчыгайындагы "Хижина Рацека" альплагерине жетишип, түнөккө калышкан.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.