Бүгүн, 20-июлда жаңыланган ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан мурдагы ордун сактап калды. Рейтингди аталган уюм расмий сайтында жарыялады.
Рейтингде Кыргызстандын эркектер арасындагы улуттук курама командасы 208 өлкөнүн ичинен 97-ордун сактап калган. Ал эми АФКда (Азия Футбол Конфедерациясы) улуттук курама 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.
Футбол боюнча эркектер арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчиликти Аргентина ээлесе, Франция менен Бразилия үчтүктү толуктаган. АФКда болсо алдыңкы лидерлерге Япония, Иран жана Австралия кирген.
Ал эми Азия Кубогунда Кыргызстан кирген "F" тайпасындагы командалардын рейтингинде Сауд Арабия 54-орун, Оман 73-орун жана Таиланд 113-орунду ээлешкен.
Коңшу өлкөлөрдөн болсо Өзбекстан 74-орун, Кытай 80-орунду багындырса, Казакстан 104-орунда. Ал эми Тажикстан 110-орунду ээлеген.
Ошондой эле 6-июнда жаңыланган футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы дүйнөлүк рейтингде АКШ, Германия жана Швеция алдыңкы үчтүккө кирсе, Кыргызстандын курамасы 188 өлкөнүн ичинен 128-орунду ээлеген.