Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт. 21-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 21-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү температурасы +20…+22, күндүзгү жогорку температура +33…+35 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан