Биз социалдык тармакта

Айрым аймактарда жаан-чачын күтүлөт. 22-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+49,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Нарын облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +20…+22, күндүзгү жогорку температура +35…+37 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан