Ысык-Көлдө 13 жаштагы өспүрүм уурдалды

Ысык-Көлдө 13-жаштагы өспүрүм белгисиз адамдар тарабынан уурдалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, 20-июлда Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнө Чүйдүн Д.А. аттуу тургуну 13 жаштагы баласы белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы жөнүндө билдирген. Окуя Бостери айылындагы эс алуу борборлорунун биринин жээгинде таң эрте саат 08:30 чамасында болгон.

Ага ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын натыйжасында, ошол эле күнү түнкү саат 21:00 чамасында өспүрүм Чүйдө аман-эсен табылып, энесине тапшырылды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Тергɵɵнүн жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл ОИИБи тарабынан кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан