Бүгүн, 24-июлда футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйшөмбү шаарында Иранга каршы ойнойт.
Эки команда "CAFA Futsal Cup-2023" турниринин алкагында кез келет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Кечээ, 23-июлда Кыргыз курамасы ушул эле турнирдин алкагында Ооганстанга 5:4 эсебинде жеңилип калган.