Мурдагы жаратылыш министри Динара Кутманованын уулу К.К. Түркиядан Кыргызстанга депортацияланат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Кутманованын уулунун уурдалышы тууралуу маалымат тастыткалган эмес. 2023-жылдын 10-июлунда Түркиянын Стамбул шаарындагы полиция органдарына Кутманованын уулу өзүнүн уурдалгандыгын айтып, арыз менен кайрылган, бирок атайын иш-чаралардын жүрүшүндө түрк полиция органдары тарабынан уурдоо фактысы тастыкталган эмес.
2023-жылдын 11-июлунда К.К. миграция кызматы тарабынан кармалып, учурда Кыргыз Республикасына депортациялоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси чечилүүдө.
Буга чейин УКМК коррупциялык фактылар боюнча Динара Кутманованын мурдагы жакындары жана кесиптештери кармалгандыгын билдирген. Андан кийин мурдагы министр уулу уурдалганын жазып чыккан.