24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтүн узартып, 29-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Буга чейин аталган райондук соттун 5-июндагы чечими менен Ажиев 29-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.
Белгилей кетсек, УКМК 5-июнда Даниэл Ажиев жетектеген көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган.
Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн. Чекистер Ажиевдин вебкам-студияларында 18ден 25 жашка чейинки 300гө жакын адам интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп келгенин билдирген.
Ажиев жана анын адвокаттары эч кандай комментарий бере элек.