"Скутер балонду сүйрөп бара жатып теплоходко урунган". Чолпон-Атадагы кырсык боюнча милиция билдирүү таратты

Бүгүн, 25-июлда Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде скутердин айдоочусу көлдөгү 3 адамды сүзүп кетип, анын экөө каза болгону тууралуу маалымат чыккан. Ысык-Көл ОИИБи аталган окуя боюнча толук маалымат таратты.

Ага ылайык, 23-июль күнү Ысык-Көл РИИБне Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө денесинен оор жаракат алган 3 адам келип түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болуп, экөө жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жайгаштырылганы айтылган.

Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркагандардын экөөсү алган оор жаракаттарынан улам ошол эле түнү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Учурда тийиштүү соттук медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан