Кыргызстандык дзюдочу Артур Те жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык дзюдочу Артур Те Кытайдын Хайнань шаарында өтүп жаткан жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль утту. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Артур Те күмүш медалды 66 килограмм салмакта багынтты.

Эске салсак, ага чейин Эрмек Сариев жана Азамат Бектурсунов да Азия биринчилигинде 2-орунду ээлешкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан