Таластагы "Киров" суу сактагычына түшүп кеткен 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эске салсак, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы "Киров" суу сактагычына бир адам сууга чөгүп кеткендиги кабарланган.