Лионель Месси "Интер Майами" үчүн болгон экинчи беттешинде дубль жаратты (видео)

Белгилүү футбол жылдызы Лионель Месси америкалык "Интер Майами" клубу үчүн болгон экинчи беттешинде дубль жаратты.

"Интер Майами" кечээ, 26-июлга караган түнү Лигалар Кубогунун тайпалык баскычында "Атланта Юнайтед" менен кез келди. Месси беттештин 8-мүнөтүндө алгачкы голду киргизсе, 22-мүнөттө экинчи голун жаратты. Адан соң жарым коргоочу Роберт Тейлор дагы эки гол киргизип, "Интер Майами" 4-0 эсебинде атаандашын жеңип алды.

Эске салсак, Лионель Месси жаңы командасы үчүн дебюттук голун 22-июлда "Крус Асуль" клубуна каршы оюнда жараткан.

Месси дубль жаратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан