Айсулуу Тыныбекова жакында эле жеңген Алина Касабиева менен кайра күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жолу "Поддубный лигасында" күч сынашат. Бул тууралуу аталган лиганын расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, "Poddubny Wrestling League" турнири 26-30-июль күндөрү Орусиянын Владикавказ шаарында өтөт. 29-июль күнү World Series форматындагы беттештер орун алып, анда Айсулуу Тыныбекова орусиялык Алина Касабиева менен беттешет.

Алина Касабиева 22 жашта. Ал жаштар арасындагы Европа жана Дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Ошондой эле "Поддубный лигасынын" 4 жолку жеңүүчүсү.

Балбандар буга чейин Будапештте өткөн рейтингдик мелдеште кез келишкен. Анда Айсулуу Тыныбекова атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңиш менен утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан