Футзал: Кыргыз курамасы Тажикстанга утулуп калды

Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "CAFA Futsal Cup-2023" турниринин алкагында Тажикстан менен кез келип, 3:5 эсебинде утулуп калды.

Кыргыз курамасынан голдорду Алмаз Самат уулу, Бектур Ильясов жана Мухамед Аскарбековдор киргизишти.

Бул Кыргыз курамасынын аталган турнирдеги үчүнчү жеңилүүсү. Буга чейин алар Ооганстанга 5:4, Иранга 1:0 эсебинде жеңилип калышкан.

Бул жыйынтык менен Кыргыз курамасы тайпада учурда акыркы орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан