Кыргыз футболчусу Алимардон Шүкүров "Неман" клубу менен биргеликте УЕФА Конференция Лигасында экинчи жеңишин камсыздады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.
"Неман" (Беларусь) кечээ, 27-июлга караган түнү Еврокубоктун квалификациялык баскычынын 2-раундунда "Бальцан" клубу (Мальта) менен кез келди. Беттеш 2-0 эсебинде беларустук команданын жеңиши менен аяктады. Алимардон Шүкүров талаага негизги курамда чыгып, 90 мүнөт бою оюн көрсөттү.
Эки команданын жооптук беттеши 2-август күнү Мальтада өтөт.
Алимардон Шүкүров буга чейин ушул эле лиганын алкагындагы "Вадуц" клубу менен болгон беттеште 82-мүнөттө чечүүчү голду жараткан. Анын голунан кийин "Неман" жеңишти камсыздап, керектүү упайга ээ болгон.
23 жаштагы футболчу аталган клубда 2021-жылдан бери оюн алып барып келет. Ал ошол эле жылы Кыргызстанда "Жылдын мыкты футболчусу" наамын жеңип алган.