Армрестлинг боюнча Бишкектин биринчилиги өтөт

15-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде армрестлинг боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол күрөш уландар арасындагы 5 салмак категориясында (65 килограмм салмакта, 75 кг, 85 кг, 95 кг, 95 килограммдан жогорку салмакта), кыз-келиндер арасында 2 салмак категориясында (60 килограмм салмакта жана андан жогорку салмакта) өтөт. Ал эми спорт чеберлери 80 килограммда жана андан жогорку салмак категориясында күч сынашышат.  

Мелдеш 15-декабрда саат 11:30дө өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан