Таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Биринчи күндүн жыйынтыгы

"Бишкек арена" муз аянтчасында өтүп жаткан таэквондо (GTF) боюнча Дүйнө биринчилигинин биринчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, татамиде кыз-келиндер, эркектер жана ардагерлер арасында беттештер өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпы 16 медаль (7 күмүш, 9 коло) жеңди.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:


Күмүш медаль ээлери:

82 килограммга чейинки салмакта Турарбек Бектур (спарринг) күмүш медалга ээ болду.


Коло медалдын ээлери:

64 килограммга чейинки салмакта Анварбек Ибраев (масоги),

82 килограммга чейин салмак категориясында Бектур Турарбек (масоги),

+82 килограмм салмакта Аскар Сыдыкакбаров,

70 килограммга чейинки салмак категориясында Ырысбек Жаныбеков (спарринг),

76 килограмм Максат Сыдыкакбаров (спарринг),

+82 килограмм Бексултан Эрнисов (Спарринг).

Командалык эсепте Кыргызстандын 1 командасы 3-орунду ээледи, анда 3 спортчу болгон. Ал эми улуттук курама команда командалык эсепте 2-орун ээледи, анда 6 спортчу болгон.

Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи жолу таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. 27-июлда башталган мелдеш 30-июлга чейин уланат. Мелдешке 20дан ашык өлкөдөн 1500 ден ашык спортчу катышат. Анда Кыргызстандын намысын 61 спортчу коргойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан