Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Борбор Азия Футбол Ассоциациясынын Кубогу (CAFA Futsal Cup) турниринде акыркы орунду ээледи. Бул тууралуу аталган уюмдун социалдык баракчасында жарыяланды.
Маалым болгондой, 23-30-июль күндөрү Дүйшөмбү шаарында CAFA Cup Futsal Cup турнири өттү. Ага Кыргызстан, Ооганстан, Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын курама командалары катышты.
Кыргызстандык спортчулар бардык беттештерде жеңишке ээ боло алган жок. Беттеште курама Өзбекстан менен 0:4, Иран курамасы менен 0:1, Тажикстан менен 3:5 жана Ооганстандын командасына 4:5 эсебинде жеңилип калды.
Аталган турнирде биринчиликти Иран курамасы багындырды. Ал эми экинчи орунду Ооганстандын командасы ээлесе, 3-орунга Өзбекстандын курамасы татыды.