Штефан Таркович кээ бир кыргыз футболчулары аны таң калтырса, кээ бири көңүл калтырганын айтты

"Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Болгарияда өтүп келген окуу-машыгуу жыйынынан кийин кээ бир кыргыз футболчулары таң калтырса, кээ бирлери көңүл калтырганын айтты.

"Биз оюнчулардын окуу-машыгуу жыйындарына болгон мамилесине абдан ыраазыбыз. Бардык оюнчулар колдон келишинче өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылышты. Оюнчулардын аты-жөнүн атабай эле коёюн, кээ бири бизди таң калтырса, кээ бири көңүлүбүздү калтырды. Эң негизгиси алар тынымсыз алдыга жылып, өнүгүп, учурда улуттук курамада жүргөн футболчуларга басым көрсөтүшү керек", - деди Таркович.

Белгилей кетсек, Штефан Таркович баштаган машыктыруучулар штабы жана футболчулар Болгариянын Банско шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өтүп келди. Бул окуу-машыгуу жыйынына Штефан Таркович жалаң жаңы жүздөрдү чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан