Кыргыз балбаны Куттубек Рысматов Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде (U-17) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалымдалгандай, Куттубек Рысматов грек-рим күрөшү боюнча 55 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдештеги жүрүшүн квалификациялык баскычтан баштады. Анда ал грузиялык Вахтанг Лолуа аттуу балбанды 9-4 эсебинде жеңип алды. 1/8 финалда ирактык Мустафа Ахмед Жумах Аль Саедини 9-1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда индиялык Сурадж Сурадж аттуу балбанга 9-6 эсеп айырмачылыгында утулуп калды.
Ал эми көңүл жубатуучу беттеште израилдик Давид Зилман Шевченкону 4-0 эсебинде утуп чыкты. Коло байге үчүн беттеште жергиликтүү балбан Халил Чынар менен кез келип, 11-1 эсебинде жеңишке жетишти. Муну менен улуттук курама команданын капчыгына алгачкы медалды салды.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 6-августта жыйынтыкталат.